Адылбек Касымалиев Минскиде КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты

30.09.2025 | 13:34

Кечээ, 29-сентябрда, өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Беларустун борбору Минскиде КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө КМШ алкагындагы кызматташтык ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеген. Өткөн жылы КМШ өлкөлөрүнүн ИДПсынын жалпы көлөмү дүйнөлүк ИДПнын 4,4% түзүп, ал эми 2025-жылдын биринчи жарымында өз ара сооданын көлөмү 7 миллиард долларга жеткен.

“2025-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсү 2,73 млрд долларды, анын ичинде экспорт 602,1 млн долларды жана импорт 2132,6 млн долларын түздү”, – деген ал.

Адылбек Касымалиев ошондой эле Кыргызстан бир катар артыкчылыктуу багыттар боюнча, анын ичинде: мультимодальдык транспорт коридорлорун өнүктүрүү; соода жүгүртүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү; биргелешкен ишканаларды түзүү;  электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча кызматташууну тереңдетүүнү колдой турганын билдирген.

Мындан тышкары, өкмөт башчы климаттын өзгөрүшү жана жаратылыш ресурстарынын азайышы болуп жатканда кайра жаралуучу энергия стратегиялык артыкчылыкка айланып жатканын белгилеген. Анын айтымында, Кыргызстан парник газдарынын эмиссиясын азайтуу жана таза энергия булактарынан генерацияны көбөйтүү боюнча чараларды көрүп жатат.

Белгилей кетсек, КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө 15 маселе каралып, 20дан ашуун документке жана чечимдерге кол коюлду.

Scroll to Top