Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусундагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты

08.08.2025 | 10:55

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар социалдык жана административдик курулуш объекттеринде жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттөн кабарлашты.

Алгач ал Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү жана Жалал-Абад шаарынын мэриясы жайгаша турган 5 блоктон турган жаңы административдик имараттын курулушу менен таанышты. Имарат 2024-жылдын августунда башталган жана жакын арада аякташы күтүлүүдө. Долбоорго 1 млрд 650 млн сом Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн. Учурда кабинеттерди техникалык жабдуу, көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштери жүрүп жатат.

Андан кийин Касымалиев Сузак районундагы Н. Алыкулов атындагы №71 орто мектептин курулуш аянтчасына барды. 750 орундуу мектепти курууга республикалык бюджеттен 451 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн, ал эми иштердин 85 пайызы бүткөрүлдү. Учурда мектепте ички жасалгалоо, спорт залды бүтүрүү жана сырдоо иштери уланууда.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине курулуш иштеринин сапатын камсыздап, долбоорлорду белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырмасын берди.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top