Ак үйдүн алдында чек ара боюнча тынчтык митинг өтүп жатат

Ак үйдүн алдында чек ара боюнча тынчтык митинг өтүп жатат

Бүгүн, 15-январда Бишкектеги Ак үйдүн алдында чек ара көйгөйү боюнча тынчтык митинг өтүп жатат.

Митингге келгендер бийликке «Чек ара чечилсин», “Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков отставкага кетсин”, “Президент кабыл алсын” жана “Көк-Таш айылынын 4 тургуну бошотулсун” деген бир катар талаптарды коюшту.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу 13-январда Ак үйдүн алдында нааразылык акциясы өткөн. Ал күнү да чогулгандар камалган жарандардын бошотулушун жана чечилбей келе жаткан чек ара маселесин тез-арада чечүүнү бийликтен талап кылышкан.

Баткен облустук милициясы Көк-Таш айылынын төрт тургуну “Массалык баш аламандык” жана “Ээнбаштык” беренелери менен 11-январда кармлып, бир ай камакка алынганын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>