Ак үйдүн тосмосунун бир бөлүгүн уурдап кетишкен

Ак үйдүн тосмосунун бир бөлүгүн уурдап кетишкен

Биринчи май  райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Ак үйдүн айланасында турган тосмонун бир бөлүгүн уурдоо боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Reporter.kg‘ге Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Уурулук» беренеси боюнча сотко чейинки процесстер башталды.

Учурда тиешелүү тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, буга чейин бишкектиктер Ак үйдүн айланасындагы тосмонун бир бөлүгүн темир-тезектер төгүлгөн жерден таап алышкан. Бул тууралуу кыргызстандык социалдык тармакка жазып чыккан. Ал жеке менчик темир-тезек саткан жайдан 560 сомго алганын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>