Активист Илгиз Шаменов эки айга камалды

29.10.2022 | 15:53

Москвада кармалып, Кыргызстанга алынып келген активист Илгиз Шаменов бүгүн, 29-октябрда эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Соттун чечими менен ал 20-декабрга чейин №1 тергөө абагында камакта болот.

Шаменов билдиргендей, ага «массалык башаламандыктарга даярдык көрүү» беренеси боюнча иш козголгон.

Эскерте кетсек, Илгиз Шаменов Москвада 27-октябрда кармалып, 28-октябрда Кыргызстанга алынып келген.

Мындан мурдаарак Москвада кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова эки айга камакка алынган.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Унаасында граната табылган Шаменов өлкөдөн кетүүгө аргасыз болду

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Scroll to Top