Унаасында граната табылган Шаменов өлкөдөн кетүүгө аргасыз болду

Унаасында граната табылган Шаменов өлкөдөн кетүүгө аргасыз болду

Өткөн айда Бишкектеги соода борборлордун биринде унаасында граната табылган активист Илгиз Шаменов коопсуздугу үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди. 

Ал билдиргендей, ага жеке булактарынан өмүрүнө коркунуч бар деген маалымат түшкөн.

«Өмүрүмө, ден соолугума, эркиндигиме коркунучтар пайда болду. Булардын куугунтугунун айынан төрөлө элек 6 айлык наристем дагы чарчап калды. Бир айдан бери жеке күзөтчү сурап ала албай койдум, көңүл бурулган жок», — деди ал.

Ал өлкөдөн чыгып кеткени менен кайра мекенине келерин билдирген.

«Москвадан жеке иштеримди бүтүрүп, толук дарыланам. Кантым (кант диабети) дагы көтөрүлүп кетти. Кайра 10-14 күндүн аралыгында кайтып келем. Бийлик, ИИМ мени качып кетти деп дагы кара пиар кылып, өткөндөгүдөй гранатаны өзүнө өзү койду деп элди алдап, өзүңөрдүн фейк бригадаңар менен мени каралабагыла», — деп жазган ал.

Сөз аягында ал өзүнө болуп жаткан куугунтук, коркутуулар тууралуу видеокайрылуу аркылуу толук маалымат берерин билдирген.

Эскерте кетсек, 11-августта болжол менен саат 14:00дө «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Кийинчерээк ишкер Илгиз Шаменовдун унаасына граната коюлганы белгилүү болгон. Буга байланыштуу ал президентке кайрылуу жасаган.

27-августта Ленин райондук милициясы Илгиз Шаменовдун унаасында табылган жардыруучу зат боюнча маалымат берген. Анда табылган граната ичинде жардыруучу заттар бар чыныгы РГД-5 гранатасы, бирок жараксыз экени айтылган. Сыноо учурунда жарылган эмес.

Шаменов Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы чыккан активисттердин бири.

Мындан мурдаарак Шаменов Reorter.kg’ге унаасында граната табылгандан кийин ага 1-2 жолу коркутуулар болгонун билдирген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>