Орозайым Нарматова эки айга камакка алынды

Орозайым Нарматова эки айга камакка алынды

Бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматова эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды.

Маалым болгондой, ал 20-декабрга чейин №1 тергөө абагында камакта болот. Ал «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган.

Эскерте кетсек, Орозайым Нарматованын Москвада кармалганы тууралуу 27-октябрда кабарланган, ал эми 28-октябрда ал Кыргызстанга алынып келген. Нарматова Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитетинин мүчөсү болгон. Аны менен бирге Кыргызстанга Москвада кармалган активист Илгиз Шаменов алынып келген.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>