Кыргыз Республикасынын эл артисти, актёр Азиз Мурадиллаев көз жумду. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
“Азиз Мурадиллаев дүйнө салды. Бул тууралуу анын жубайы Элвира билдирди. Азиздин акыркы тилеги анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлушу болду. Мен бул боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылам. Анткени Ала-Арча көрүстөнүнө Элдик наамы бар гана адамдары коюу боюнча токтом бар”, — деп билдирген ал.
Эске сала кетсек, мындан бир нече кун мурун актёр Азиз Мурадиллаев оор абалда Бишкектеги ооруканалардын бирине жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Ассоль Молдокматова актердун боорун алмаштыруу үчүн тез арада чет өлкөдө операция жасалышы керектигин айтып, ал үчүн 45 миң АКШ доллары сарптала тургандыгын маалымдаган.
Актерго жардам берүү максатында башталган атайын акциянын алкагында бир күндө 3 миң 270 доллар чогулган. Дарыланууга жетпей жаткан 42 миң долларды 4-декабрда президент Садыр Жапаров которгон.
Актерго кайрадан боордун циррозу диагнозу коюлган.
Ооруканада жаткан актер Азиз Мурадиллаев элге кайрылды — видео