Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий ачылды

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий ачылды

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды. Ачылыш азем бүгүн, 17-декабрда «ЗиЛ» тоо лыжа базасында өттү.

Аны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти ата мекендик жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте уюштурду.

Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Жогорку Кеңештин депутаттары, ата мекендик өнөктөштөр, туристтер катышты.

Алар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти менен тыгыз жана ийгиликтуу кызматташкан ата-мекендик жана эл аралык уюмдарга  “Өзгөн мунарасы” статуеткасын тапшырышып, туризм тармагына өзгөчө салым кошкон инсандарга  “Туризмдин мыкты кызматкери” төш белгиси жана Ардак грамоталар менен сыйлашты.

Ачылыш азем концерттик программа, түрдүү оюн-зоок, сынактар ага карата берилген байгелер менен коштолуп, эс алуучуларды жана атайын ачылышка келген конокторду кубанычка бөлөдү.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>