Баткенге кайта элек жарандар депутаттардан эмнени суранышты?

Баткенге кайта элек жарандар депутаттардан эмнени суранышты?

Жогорку Кеңештин депутаттары Миргүл Темирбаева менен Чыңгыз Ажибаев Лейлек районунан эвакуация болуп Бишкек шаарында жана Чүй облусунда убактылуу жашап жаткан тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова, Акыйкатчы Атыр Абдрахматова, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов жана аталган районундун бир катар айыл өкмөттөрүнүн башчылары катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө гуманитардык жардам көрсөтүү, социалдык жөлөк пул чегерүү, балдарды мектептерге жайгаштыруу, калкты дары-дармектер менен камсыздоо, кыш мезгилине карата даярдыкты күчөтүү өңдүү маселелер талкууланды. Айтылган көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү министрликтерге тапшырмалар берилди.

Ошондой эле саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Баткен облусуна 33 даана тез жардам автоунаасы бөлүнгөнүн маалымдады.

Белгилей кетсек, сентябрь айындагы Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Лейлек районунун айрым тургундары Бишкек шаарына жана Чүй облусуна убактылуу жайгаштырылган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>