Ооруканада жаткан актер Азиз Мурадиллаев элге кайрылды — видео

Ооруканада жаткан актер Азиз Мурадиллаев элге кайрылды — видео

Оор абалда оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн актер Азиз Мурадиллаев өзүнө келди. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.

Актер колдоо көрсөткөн президент Садыр Жапаровго жана кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.

Боор циррозу менен жабыркаган Мурадиллаевге донор болууну каалаган Азиза Орозгүл тууганчылык боюнча төртүнчү муундун өкүлү. Ал Түркияда 30-декабрда гана боло турган комиссиядан өтүш керек. Бул комиссиясыз трансплантациялоо мүмкүн эмес.

“Бүгүн мен саламаттыкты сактоо министри менен сүйлөшөм, Түркиянын саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясын тездетүү мүмкүнбү же жокпу, тактайм, анткени убакыт аз”, — деп жазган ал.

Буга чейин Садыр Жапаров Азиз Мурадиллаевдин операциясына 42000 доллар каражат которгон. Ал эми кыргызстандыктар тарабынан 1,5 млн сом чогултулган. Операция үчүн 45 миң доллар керек экени айтылган.

Азиз Мурадиллаев «Курманжан датка» тасмасындагы Кокон хандыгы тушунда кыргыздардан чыккан таасирдүү саясий ишмер Алымбек датканы образын жаратуу менен көпчүлүккө таанылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>