2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышат
Акыркы суткада илдеттен 4 киши каза болду
22.12.2020 | 11:43
Кыргызстан боюнча акыркы суткада илдет 175 адамдан аныкталды. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.
Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 48, Ош – 2, Чүй облусу – 41, Ош облусу – 11, Талас облусу – 7, Нарын облусу – 7, Ысык-Көл облусу – 31, Жалал-Абад облусу – 12, Баткен облусу – 16.
Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 79 миң 429 адамга коронавирус жуккан, анын 73 миң 300 сакайды.
Ал эми соңку суткада 4 адам вирустан каза болду, бүгүнкү күндү эсепке алганда өлкөдө 1 миң 335 киши илдеттин курмандыгы болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом