1-июнда Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында Балдарды коргоо күнүн арналган майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Оюн-зооктор эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 22:00гө чейин уюштурулат:
- аквагримм-зонасы;
- фотозона-жаркыраган пейзаждар жана өзгөчө куурчактар;
- пластилинден моделдөө, сүрөт тартуу ж. б. боюнча мастер-класс.;
- кызыктуу сынактар, флешмобдор;
- көбүк шоусу;
- спорт оюндары;
- иш-чаранын расмий өнөктөштөрүнөн бонустар (белектер).
Мындан тышкары, 30-майдан 8-июнга чейин Бишкек шаарында 10 өлкөнүн, ошондой эле өлкөбүздүн бардык облустарынын келген таланттуулардын катышуусунда бешинчи эл аралык «Наристе» балдар фольклордук фестивалы өтөт.
Фестивалдын алкагында аянтта чет элдик катышуучулардын аткаруулары көрсөтүлүп, саат 19:00дө майрамдык дискотека уюштурулат.