Алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран Москвадан кармалды

Алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран Москвадан кармалды

Алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран Москва шаарынан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кармалган 28 жаштагы Талас облусунун тургуну 2015-жылы бир адамдын Mazda Atenza жана Subaru Forester унааларын алдап кеткен. Шекетүү бул эки унаанын оордуна өзүнө таандык эмес «Mercedes-Benz Sprinter унаасын берем деп ошол бойдон жок болгон. Шектүү жалпысынан жабырлануучуга  607 900 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирген. Андан соң  изин жашырам деп Орусиянын аймагына качкан.

Азыркы учурда шектүү жаран Москвада тергөө абагына киргизилип, Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>