Бишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырды
Алматыдан Бишкекке аба каттамдардын саны көбөйтүлөт
11.08.2023 | 10:55
QAZAQ AIR авиакомпаниясы Алматы менен Бишкектин ортосунда түз аба каттамдарды ачат. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Каттамдардын башталышы 11-сентябрга белгиленген. Шаарлар ортосундагы каттамдар заманбап, ыңгайлуу De-Havilland Dash 8-Q400 учактары менен жумасына үч жолу аткарылат.
Каттамдар дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат.
- IQ 541 Алматы 09:50 – Бишкек 10:50
- IQ 542 Бишкек 11:50 – Алматы 12:50.
Бир тарапка билеттин баасы 23 миң теңгеден (4,5 миң сом) башталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом