Акыйкатчы менен АТФтин мыйзамдар боюнча директору кызматташууну күчөтөт

Акыйкатчы менен АТФтин мыйзамдар боюнча директору кызматташууну күчөтөт

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен Азия-Тынч океан форумунун мыйзамдар жана саясат маселелери боюнча директору Кирэн Фитцпатрик видео конференция форматында байланышты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстандагы адам укуктары, улуттук укук коргоо институтун өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү, адам укуктарын коргоо боюнча кызматташтыкты күчтөндүрүү маселелери талкууланган.

Жаманбаева Акыйкатчы институту Азия-Тынч океан форумуна мүчө катары өзүнүн ишмердигин активдештирүүгө болгон күч-аракетин жумшап жатканын белгилеген.

«Айрыкча өз ара кызматташуу маселелеринде жана адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы эң мыкты эл аралык тажрыйба алмашууда Акыйкатчы институту өзүнүн алдына дымактуу милдеттерди коюп жатат жана Борбор Азияда адам укуктары менен эркиндиктеринин баалуулуктарын жогорулатуу жаатында локомотив болгонго бардык чараларды көрүүдө. Албетте, бул максатка жетиш үчүн кызматташуу өзгөчө мааниге ээ», — деди акыйкатчы.

Жаманбаева Акыйкатчы жөнүндө конституциялык мыйзам долбоору боюнча эксперттик талдоо жүргүзгөнү үчүн аталган уюмга ыраазчылык билдирди.

«Акыйкатчы жөнүндө конституциялык мыйзам долбоору депутаттар менен биргеликте иштелип чыккан жана Жогорку Кеңештин алты фракциясынын лидерлери тарабынан демилгеленген. Бүгүнкү күндө документ коомдук талкууга коюлду. Аны менен бир катарда эле документтин адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык талаптарга шайкеш келиши, анын ичинде Париж принциптерине ылайык келүүсү боюнча эксперттик бүтүмдөрдү алыш үчүн эл аралык уюмдар менен  сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди ал.

Анын айтымында, Акыйкатчы жөнүндө конституциялык мыйзамды кабыл алуу институттун А макамын алуу процедурасынан өтүүгө мүмкүндүк берет

Өз кезегинде Кирэн Фитцпатрик аталган уюм мыйзам долбооруна жеке өзүнүн талдоосун жүргүзгөнүн жана долбоор Париж принциптерине ылайык келерин айткан.

«Жалпысынан мыйзам долбоорунда адам укуктарын коргоо жаатында Акыйкатчы институтуна көбүрөөк ыйгарым укуктарды бере турган нормалар каралган. Биз Кыргызстандын улуттук укук коргоо институтун А макамын алыш үчүн аккредитациядан өтүүгө мүмкүндүк бере турган Акыйкатчы жөнүндө мыйзамды кабыл алуусун ар дайым колдойбуз», — деди Фитцпатрик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>