Бишкекте милиционерлер арасында волейбол боюнча мелдеш өттү

Бишкекте милиционерлер арасында волейбол боюнча мелдеш өттү

Бишкек шаардык милициясында майор Азамат Раимбердиевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Мелдешке жалпы 6 команда катышкан. Жыйынтыгында үчүнчү орунду Бишкек шаарынын кайгуул күзөт кызматынын полку ээлеген. Ал эми Биринчи май райондук милициясынын командасы экинчи орунга татыган. Биринди орунду Бишкек шаардык милициясынын командасы алган. Жеңүүчүлөргө диплом, вымпел жана акчалай сыйлыктар тапшырылган.

«Мелдештин соңунда Азамат Раимбердиевдин жакын туугандары аны эскерип, милицияга болгон салымын унутпай, атайын спорттук иш-чараны өткөргөн милиция кызмакерлерине ыраазычылыктарын билдиришти», — деп айтылат маалыматта.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>