Өкмөт көмүрдү унаа менен сыртка ташып чыгууга алты айга тыюу салдыСадыр Жапаров Пакистандын парламентинин жетекчилери менен жолугуштуБишкектеги Айтматов проспектисинде үч жаңы жер астындагы өтмөк курулатБишкек абанын булганышы боюнча 20-орунду ээледиКыргызстан үчүн деңизге чыгууга жол ачылат. Кыргызстан менен Пакистан дагы кандай документтерге кол койдуСаясат, экономика, энергетика: Жапаров менен Пакистандын премьер-министри кыргыз-пакистан кызматташтыгын талкуулашты
Апрель революциясына 15 жыл толду
07.04.2025 | 11:27
Бүгүн, 7-апрелде Кыргызстанда 2010-жылдагы Апрель революциясынын 15 жылдыгы белгиленүүдө.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана маданият министри Мирбек Мамбеталиев элдин эркиндиги үчүн курман болгондорго арналган эстеликке гүлдөр чамбар коюшкан. Иш-чаранын катышуучулары курман болгондорду бир мүнөт эскеришкен.
2010-жылы 7-апрелде ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин башкаруусуна каршы болгон эл нааразычылык акциясына чыккан. Элдик толкундоолор алгач Нарын менен Таласта башталып, андан кийин Бишкектин борбордук аянтында, Ак үйдүн алдында уланган. Ала-Тоо аянтында элге каршы ок атылып, 87 жети адам курман болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом