Араванда 10 гектар жерге текстиль фабрикасы курулат

Араванда 10 гектар жерге текстиль фабрикасы курулат

Ош облусунун Араван районунда текстиль фабрикасы курулат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен маалымдашты.

Министрлер Кабинети Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагынын аймагында жайгашкан 10 гектар жерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар үчүн жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтомун бекитти.

Жаңы фабриканын, жип ийрүү, трикотаж, боёо жана тигүү цехтеринин курулушу пахтачылыкты өнүктүрүүгө шарт түзүп, жаңы жумуш орундарын түзүү пландаштырылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>