Кыргызстандагы эң мыкты айыл өкмөттөр аныкталып сыйланышты

Кыргызстандагы эң мыкты айыл өкмөттөр аныкталып сыйланышты

Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында 6 мыкты айыл өкмөткө акчалай сертификаттарды министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тапшырды, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, “Эң мыкты айыл өкмөтү” сынагынын байге фонду 6 миллион сомдон 12 миллион сомго көбөйтүлдү.

Тактап айтканда, Аксы районунун Кош-Дөбө – 3 млн сом, Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа – 2 млн сом, Түп районунун Каркыра – 1 млн сом, Араван районунун Алля Анаров –3  миллион сом, Ат-Башы районунун Ат-Башы  2 миллион сом,  Лейлек району Сумбала айыл өкмөттөрү 1 миллион сом  акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>