«Аткаминерлер бири-бирине шылтоодо»: Оштун тургуну үйүнүн жанындагы кооптуу курулушка даттандыКадамжайда экстремисттик материалдарды таратууга шектелип 26 жаштагы жаран кармалдыКүн станциялары, заводдор жана сурманы кайра иштетүү: Баткенде кандай долбоорлор ишке ашууда?Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кырчын капчыгайында кайсы иш-чаралар өткөрүлөт13 жаштагы кыргызстандык БУУга космосту таштандыдан тазалоо долбоорун сунуштадыАфганистанда бир миллионго жакын бала ачарчылыктан улам өлүм алдында турат
Араванда 10 гектар жерге текстиль фабрикасы курулат
26.01.2024 | 21:27
Ош облусунун Араван районунда текстиль фабрикасы курулат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен маалымдашты.
Министрлер Кабинети Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагынын аймагында жайгашкан 10 гектар жерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар үчүн жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтомун бекитти.
Жаңы фабриканын, жип ийрүү, трикотаж, боёо жана тигүү цехтеринин курулушу пахтачылыкты өнүктүрүүгө шарт түзүп, жаңы жумуш орундарын түзүү пландаштырылууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар