Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Ашууларда жайкы дөңгөлөк менен жүргөн унааларга тыюу салынды
04.11.2025 | 13:49

Бүгүн, 4-ноябрда “Сосновка” жана “Арал” постторунда унаалардын дөңгөлөктөрү текшерилүүдө.
Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, Бишкек–Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, ошондой эле Суусамыр–Талас–Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө убактылуу чектөө киргизилген.
Мекемеден билдиришкендей, жайкы дөңгөлөк менен жүргөн унаалар ашууларга өткөрүлбөйт.
Учурда жол тазалоо жана кум-туз себүү иштери уланууда. Айдоочулардан жол эрежелерин сактоо, каршы тилкеге чыкпоо жана унааларын кышкы абалга даярдоо талап кылынууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом