«Ат чабыш» күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыкты

01.08.2024 | 09:56

Бүгүн, 1-августтан тарта “Ат чабыш” күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыкты. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган монета 8-14-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат.

Белгилей кетсек, “Ат чабыш” коллекциялык монетасы өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Scroll to Top