Кыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылган

05.11.2026 | 18:18
Кыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылган — Новости Кыргызстана

Кыргызстандык Элистан Токтогулов алдамчылык жол менен Орусиянын аскер бөлүгүнө барып калганы айтылган маалыматтарга байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине Нота жөнөттү. Анда элчилик аталган жарандын Кыргызстанга тез арада кайтарылышын камсыз кылууну талап кылган. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 5-ноябрда, маалымдады.

Ошондой эле Кыргызстандын элчилиги бул факты боюнча ар тараптуу текшерүү жүргүзүү, күнөөлүү адамдарды мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартууну камсыз кылуу тууралуу Орусиянын компетенттүү органдарына расмий каттарды жөнөткөн.

Мындан тышкары элчилик Элистан Токтогуловдун туугандары менен байланышта болуп, маселени көзөмөлгө алганын жана зарыл болгон жардамдарды көрсөтөрүн билдирди.

Тышкы иштер министрлиги жарандарга келишимдерге жана башка документтерге кол коюудан мурда алардын мазмунун окуп чыгууга жана милдеттенмелерге көңүл бурууга чакырат.

Эске салсак, буга чейин 21 жаштагы Элистан Токтогуловдун жакындары бийликке кайрылып, ал Кыргызстандан Орусияга жарнама аркылуу жумуш издеп барып, алдамчылыкка кабылганын билдиришкен. Алар Элистандын согуш жүрүп жаткан аймакка түшүп калышынан кооптонушууда.

Scroll to Top