Бишкекте Жедигер Саалаевдин «Кошой Закым» роман-эпосунун бет ачары өтөт

03.11.2026 | 15:28
В Бишкеке пройдет презентация романа-эпоса «Кошой Закым» Жедигера Саалаева — Новости Кыргызстана

6-ноябрда борбор калаадагы Кыргыз улуттук «Манас» театрында КРдин эл акыны, Конституциялык соттун мурдагы судьясы, коомдук ишмер Жедигер Саалаевдин «Кошой Закым» аттуу роман-эпосунун бет ачары өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

«Кошой Закым» чыгармасында кыргыз элинин тарыхы, баалуулуктары жана тарыхый инсандардын образдары чагылдырылган. Иш-чаранын жүрүшүндө китептин мазмуну, жазылуу тарыхы жана автордун чыгармачылык жолу тууралуу сөз болот.

Бет ачарга маданият жана адабият өкүлдөрү, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер жана окурмандар катышат. Иш-чара саат 15:00дө башталат. Кирүү акысыз.

Scroll to Top