ЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат

Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) менен Пакистандын ортосунда Эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүү боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары жактырылды. Мындай чечим Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин 3-ноябрда Москва шаарында өткөн жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу КРдин Министрлер кабинети билдирди.
Маалыматка ылайык, бул макулдашуу Пакистанга айыл чарба азыктарын, металл, көмүр, кагаз жана химия өнөр жайынын продукциясын сатууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле Пакистандан мөмө-жемиштерди, жашылчаларды, даяр тамак-ашты жана башка өнөр жай товарларын алып келүүгө шарт түзөт.
Аталган жыйынга Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышкан. Жыйында ЕАЭБдеги соода саясаты, өнөр жай, энергетика жана техникалык жөнгө салуу боюнча 41 маселе каралган.
Мындан сырткары, Кеңеш «2027-жылга Евразия экономикалык бирлигинин эл аралык ишмердигинин негизги багыттары жөнүндө» чечимдин долбоорун, жасалма интеллект жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү санариптик долбоорлорду кароо тартибин жактырган. Ошондой эле ЕАЭБдин бажы аймагынан ташылып чыгуучу товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелери бекитилген.