Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Айаал Лазарев (125 кг) Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын күмүш байгесин утту.
Лазарев чейрек финалдагы биринчи беттешинде кытайлык балбанды 10:6, андан кийин жарым финалда монголиялык спортчуну 10:0 эсебинде жеңди.
Алтын үчүн беттеште Лазарев ирандык балбан менен күч сынашып, ага 0:11 эсеби менен жеңилди. Ошентип ал Азия биринчилигинин күмүш байгесин тагынды.
Белгилей кетсек, ушуну менен Бишкектеги Азия чемпионатынын алкагындагы эркин күрөш боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Эртең, 13-апрелде кыз-келиндердин таймашы башталат.
Эркин күрөш боюнча курама Бишкектеги мелдеште Кыргызстандын куржунуна 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло алып келди. Буга чейин Тайырбек Жумашбек уулу алтын, Улукбек Жолдошбеков менен Алибек Осмонов коло байге татыган.
Тайырбек Жумашбек уулу Бишкектеги мелдешти утуп, экинчи жолу Азия чемпиону болду