Азия чемпионаты: Айаал Лазарев Кыргызстандын куржунуна күмүш алып берди

Азия чемпионаты: Айаал Лазарев Кыргызстандын куржунуна күмүш алып берди

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Айаал Лазарев (125 кг) Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын күмүш байгесин утту.

Лазарев чейрек финалдагы биринчи беттешинде кытайлык балбанды 10:6, андан кийин жарым финалда монголиялык спортчуну 10:0 эсебинде жеңди.

Алтын үчүн беттеште Лазарев ирандык балбан менен күч сынашып, ага 0:11 эсеби менен жеңилди. Ошентип ал Азия биринчилигинин күмүш байгесин тагынды.

Белгилей кетсек, ушуну менен Бишкектеги Азия чемпионатынын алкагындагы эркин күрөш боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Эртең, 13-апрелде кыз-келиндердин таймашы башталат.

Эркин күрөш боюнча курама Бишкектеги мелдеште Кыргызстандын куржунуна 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло алып келди. Буга чейин Тайырбек Жумашбек уулу алтын, Улукбек Жолдошбеков менен Алибек Осмонов коло байге татыган.

Тайырбек Жумашбек уулу Бишкектеги мелдешти утуп, экинчи жолу Азия чемпиону болду

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>