Улукбек Жолдошбеков Бишкектеги Азия чемпионатында коло утту (видео)

Улукбек Жолдошбеков Бишкектеги Азия чемпионатында коло утту (видео)

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков (65 кг) Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында коло байге утту.

Жолдошбеков таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешинде ирандык балбан Рахман Амузадхалилиге 4:2 эсебинде жеңилди. Бирок ирандык спортчу финалга өткөндүктөн, Жолдошбеков көңүл жубатуучу беттеште күрөшө турган болгон.

Көңүл жубатуучу кармашта ал кореялык Сонхо Юну 14:4 эсеби менен жеңип, үчүнчү орун үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алды.

Ал эми коло үчүн беттеште Жолдошбеков өзбекстандык Аббос Рахмоновду 6:4 эсебинде жеңди. Жолдошбеков уткан коло медаль — Кыргызстандын Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатындагы алгачкы байгеси.

Бишкекте 11-апрелде башталган Азия чемпионаты 16-апрелде жыйыныкталат. 11-12-апрелде эркин күрөш, 13-14-апрелде кыз-келиндер жана 15-16-апрелде грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>