Азия чемпионаты: Алибек Осмонов Кыргызстан үчүн экинчи коло байгени алып берди (видео)

Азия чемпионаты: Алибек Осмонов Кыргызстан үчүн экинчи коло байгени алып берди (видео)

Эркин күрөш боюнча балбан Алибек Осмонов (70 кг) Бишкектеги Азия чемпионатында коло медаль тагынды.

Мелдештин биринчи күнүндө килем үстүнө чыккан Осмонов бештештерди квалификациялык баскычтан баштады. Алгачкы беттешинде ал кытайлык балбан Шицзян Чжоуну 11:3 эсебинде жеңди. Бирок чейрек финалда ирандык Амирмохаммад Язданичератиден 9:4 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.

Язданичерати финалга чыккандыктан, Осмонов коло үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алды.

Үчүнчү орун үчүн беттеште Осмонов тажикстандык Мустафо Ахмедов менен күч сынашты. Кармаш 3:3 эсебинде жыйынтыкталып, артыкчылык упай Осмоновдо болгондуктан, жеңиш ал тарапта болду.

Бул жеңиши менен Осмонов Бишкектеги Азия чемпионатынан Кыргызстандын куржунуна экинчи коло медалды алып келди. Буга чейин Улукбек Жолдошбеков коло уткан.

Бишкекте 11-апрелде башталган Азия чемпионаты 16-апрелде жыйыныкталат. 11-12-апрелде эркин күрөш, 13-14-апрелде кыз-келиндер жана 15-16-апрелде грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өтөт.

Улукбек Жолдошбеков Бишкектеги Азия чемпионатында коло утту (видео)

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>