Баасы 3,4 млн сомду түзөт. Баткенде аткезчилик менен келген дары-дармектер табылды

24.03.2026 | 16:29

Баткен облусунда ири көлөмдөгү дары-дармектердин аткезчилиги аныкталды. Бул тууралуу облустук милиция маалымдады.

Милициянын маалыматында, Кадамжай районунда кошуна өлкөдөн башка мамлекетке мыйзамсыз ташууга даярдалган нистатин, цефтриаксон, цефекон-Д, азитромицин жана ампицилин табылып алынган. Ошондой эле психотроптук кошулмасы бар 247 даана “Pregabalin Capsules IP 300 mg NERVIGESIC” дары каражаттары алынган. Жүктүн жалпы баасы 3 млн 477 миң 92 сомду түзөт.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Экономикалык контрабанда” беренеси менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары 47 жаштагы К.Ш. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда психотроптук заттарга соттук-химиялык экспертиза дайындалды. Кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Scroll to Top