ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Байсалов: Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышат (видео)
30.01.2024 | 09:39
Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө түз эфирде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Ал өлкө башчысынын командасынын алдыда көптөгөн пландары бар экенин белгилейт.
“Амбициялык, чоң пландары бар. Эл аралык сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча бир дагы президент мындай колдоого ээ болгон эмес. Садыр Жапаровдун башкы сапаты – ал өзү дагы уурдабайт жана уурдатпайт”, – дейт Эдил Байсалов.
Аткаминер өлкө башчысы таза жол менен шайланып келгенин айтты.
“Шайлоого катышат. Ага Конституция жол бербейт. Азыр баштаганын жолдо таштап койбойт”, – деди ал.
Садыр Жапаров 2021-жылы президент болуп шайланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат