Кемин районунда ак илбирс байкалды: жырткыч дарактан аман-эсен түшүрүлдүКемин районунда ак илбирс байкалдыКыргызстанда «Эң таза шаар» жана «Эң таза айыл аймагы» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталдыКыргызстанда 2026-жылдын түшүмү үчүн күздүк эгиндерди себүү аяктадыСаламаттык сактоо министрлиги балдарды дарылоодогу системалуу жардамы үчүн фонддорго жана бизнеске ыраазычылык билдирдиРоссияда нацисттердин колунан жабыркаган совет элинин геноцид курмандыктарын эскерүү күнү бекитилди
Балыкчы шаарынын 27 жаштагы мэри ээлеген кызматынан кетти
28.03.2020 | 19:50
Балыкчы шаарынын мэри Марат Кудайбергенов ээлеген кызматынан кетти. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Урумбек Исмаилов билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазды.
Исмаиловду кызматтан алуу боюнча тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 11-мартта кол койгон.
Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын маалыматына ылайык, мэр 2020-жылдын 12-апрелинде өтө турган шайлоого катышуу үчүн өз ыктыяры менен арыз жазган. Бирок Марат Кудайбергеновдун кызматтан кетери 28-мартта гана белгилүү болду.
Эскерте кетсек, Марат Кудайбергенов 2019-жылдын 14-майында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланып, иштеп келе жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат