Башаламан, ыш жана тыгындар: адистер Башкы план талкуусунда Бишкекке жагымсыз тыянак чыгарышты

02.12.2025 | 18:23

Кыргызстандын борбору «жашыл шаар» макамын жоготуп, абанын катуу булганышынан кыйналып, тыгында туруп, тарыхый мурастарын башаламан курулуштардан улам жоготуп жатат. Мындай катуу баа Бишкекке 2050-жылга чейинки өнүгүү Башкы планынын презентациясында орус жана жергиликтүү адистер тарабынан берилди.

Санкт-Петербургдагы илимий-изилдөө институтунун архитектору Ирина Гришечкинанын айтымында, кыш мезгилинде абанын булганышы нормадан 3–5 эсеге жогорулайт. Борбор кысылып калган турак жайлардан жана социалдык инфраструктуранын жетишсиздигинен улам балдар бир нече сменада окууга мажбур болууда. Тарыхый келбеттин жоголушу да тынчсыздандырууда: акыркы жылдары Бишкек 22 тарыхый объектисинен жана 27 архитектуралык эстеликтен айрылган.

«Топтолуп кеткен башаламан курулуштарды токтотуу абзел», — деди долбоордун жетекчиси, академик Павел Спирин.

Ал эми Бишкек мэри Айбек Джунушалиев муниципалитет диалогго ачык экенин белгиледи. Анын айтымында, мэрияга шаардыктардан 200дөн ашык кайрылуу келип түшүп, 10 миңден ашык сурамжылоо жүргүзүлгөн. «Бүгүнкү жолугушуунун максаты — долбоордогу бар болгон боштуктарды толуктоо», — деди ал. Башкы план боюнча коомдук угуу 24–25 декабрда өтөт. Андан кийин документ такталып, өкмөттүн кароосуна жөнөтүлөт.

Scroll to Top