Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Чек ара: 40 аскер кызматкери каза тапты, дайынсыз болгондор бар
19.09.2022 | 17:23
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Кыргызстан тараптан 40 аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу маалымат жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.
Анын айтымында, бул сан азайышы же көбөйүшү мүмкүн, себеби учурда алардын так саны такталууда.
“Тилекке каршы чек арачылар жана жай тургундар арасында каза болгондор бар. Бүгүнкү күнү 40 аскер кызматкери курман болду. Бул сан дагы такталууда. Жоголуп кеткен аскер кызматкерлери бар, алар изделүүдө”, – деди ал.
Ал билдиргендей, куралдуу кагылышта 70тен ашык жоокер жаарат алган.
Эскерте кетсек, акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза таап, жарадар болгондордун саны 163тү түзөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом