Чек арачы Дастан Анарбеков үч күндөн бери табылбай жатат  

Чек арачы Дастан Анарбеков үч күндөн бери табылбай жатат  

Баткен облусунда чек ара кызматында кызмат өтөгөн Дастан Анарбеков дайынсыз болууда. Бул тууралуу Reporter.kg′ге жакындары билдиришти.

Дастан Анарбеков 2001-жылы Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылында туулган.

17 жашында Бишкек шаарындагы Куралдуу күчтөрүнүн аскер институтуна тапшырган. Быйыл окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктап, Баткен облусуна чек ара кызматына кызмат өтөөгө бөлүнгөн.

“Социалдык тармакта анын каза болгонун жазып жатышат. Бирок, ал үч күндөн бери табылбай жатат. Биз табылат деп үмүт кылып, күтүп жатабыз”, — деп билдиришти жакындары.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 59 адамдын өмүрүн алып кетти. Ал эми жабыркагандардын саны 163 адам. Бул соңку маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Курман болгондордун көбү — Куралдуу күчтөрдүн катарында мекен үчүн кызмат кылган аскер кызматкерлери.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>