Тажикстандын агрессиясы: Эки медкызматкер жараат алды

Тажикстандын агрессиясы: Эки медкызматкер жараат алды

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жараат алгандардын саны 163кө жетти. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова парламенттеги Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү Баткен облусу боюнча 44 тез жардам мобилдик бригадасы иштеп жатат.

«Анын ичинен Лейлек районунда 15, Баткенде 10,  калгандары Кадамжай, Айдаркен, Кызыл-Кыяда иш алып барууда. Андан тышкары 16 медициналык бригада түзүлүп, анда 100дөн ашык медицина кызматкери бар. Алар негизинен эвакуация болгон жарандарга медициналык кароо жүргүзүүдө. Бишкек жана Ош шаарынан 89 адис жөнөтүлдү. Алардын ичинде керектүү адистер бар», — деди ал.

Министр билдиргендей, жабыр тарткан 163 кишинин арасында экөө медицина кызматкери болушат. Кайтыш болгондордун саны 59ду түзөт. Анын айтымында, ооруканага жараат алып жаткырылган бейтаптардын абалы оор.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган. Расмий бийлик органдары 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн кабарлаган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

17-сентябрь күнү чек арадагы абал чыңалуу бойдон калды. Тажикстандын аскерлери ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууларды бузуп, Баткендеги айылдарды (ДостукПаскы-Арык) жана Ош облусунун Чоң-Алайдагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылады.

18-сентябрга караган түн да тынч өттү. Саат 14:00гө карата УКМК билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч бойдон калууда жана турукташуу тенденциясы бар.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

19-сентябрга караган түн тынч өткөн, ок атышуулар болгон эмес. Ошол эле учурда абал чыңалуу бойдон калууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>