Иманкулов: Тажикстан Кыргызстанга агрессия көрсөтөрүн билгенбиз

Иманкулов: Тажикстан Кыргызстанга агрессия көрсөтөрүн билгенбиз

Тажикстан Кыргызстанга агрессия жасарын билгенбиз. Бул тууралуу маалымат жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, чыр чыкканга чейин Кыргызстандын чек арачылары менен атайын кызматтары Тажикстан тараптан чагымчыл даярдыктар көрүлүп жатканын кабарлашкан.

«Алар 9-сентябрда боло турган Көз карандысыздык күнүнүн шылтоосу менен чек араларын бекемдеп, кошумча күчтөр келип, окоп каза баштаган. Мунун Көз карандысыздык күнүн өткөрүүгө эч кандай тиешеси жок. Биздин чек арачылардын жолугушуусунда ал иштер чагымчылдык экени эскертилген», — деди ал.

Анын айтымында, алар Тажикстан агрессия жасоого даярдык көрүп жатканын билишкен.

«Агрессияга даярдануунун бардык белгилери болгонун билгенбиз. Алар былтыр апрель айында биздин Баткен облусундагы жарандык жана аскердик инфраструктурага кол салганынан сабак алганбыз. Күч түзүмдөрүбүз, баарынан мурда Чек ара кызматы менен укук коргоо органдары андан жыйынтык чыгарган», — деди ал.

Ал билдиргендей, былтыркы Тажикстан тараптын агрессиясынан кийин Кыргызстан ал кол салуу дагы кайталанышы мүмкүн экенин түшүнүп, коргонуу үчүн аскердик техника, курал-жарактарды алган.

14-сентябрда чыр чыккнадан кийин Кыргызстан Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, абалды турукташтырууга аракет көргөн. Бирок 16-сентябрда эртең менен Тажикстан тарап ок атышууну баштаган. Алар миномет, андан тышкары аскердик оор техникаларды колдонгон.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган. Расмий бийлик органдары 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн кабарлаган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

17-сентябрь күнү чек арадагы абал чыңалуу бойдон калды. Тажикстандын аскерлери ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууларды бузуп, Баткендеги айылдарды (ДостукПаскы-Арык) жана Ош облусунун Чоң-Алайдагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылады.

18-сентябрга караган түн да тынч өттү. Саат 14:00гө карата УКМК билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч бойдон калууда жана турукташуу тенденциясы бар.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

19-сентябрга караган түн тынч өткөн, ок атышуулар болгон эмес. Ошол эле учурда абал чыңалуу бойдон калууда.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза тапты, жарадар болгондордун саны 163тү түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>