Баткен: Унаа, акча жана азык-түлүк уурдоого шектүүлөр кармалды

Баткен: Унаа, акча жана азык-түлүк уурдоого шектүүлөр кармалды

Баткенде унаа жана дүкөндөн акча, азык-түлүк уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Кызыл-Бел айылынын 27 жаштагы тургуну Баткен шаарындагы унаа жуучу жайга таштап кеткен Toyota Vios  унаасын 22-декабрь күнү белгисиз жарандар уурдап кеткенин билдирип, арыз менен кайрылган. Эртеси күнү милиция кызматкерлери уурдалган Toyota Vios унаасын сүзүлгөн абалда шаардын Жибек-Жолу көчөсүнүн батыш тарабындагы бактардын арасынан тапкан.

Ошондой эле милицияга Баткен шаарындагы М. Нургазыев көчөсүндөгү дүкөндүн ээси кайрылып, болжол менен 10 миң сом тегерегиндеги акча жана азык-түлүк, ошону менен бирге садака кутучасындагы акча уурдалгандыгын билдирген.

Бул арыздар каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Милициядан билдиришкендей, бул иштерге шектүү катары Кара-Булак айылынын 19 жаштагы Ж.Б. жана Кара-Бак айылынын Ж.К. аттуу тургундары 24-декабрь күнү далил буюмдары менен кармалган. Азыркы күндө кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган, тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>