Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков мандатын тапшырдыАйдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча акция – КР бюджетине 350 миллион сом түшпөй калдыМинистрлер Кабинети аскердик жыйындардан өтүү үчүн жаңы төлөмдөрдү бекитти: Коргоо министрлиги түшүндүрмө берди1-апрелден тарта Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылатБашка өлкөлөрдө жүк ташуу үчүн КР айдоочуларына эл аралык айдоочулук күбөлүк керекАлтымышев көчөсүндөгү курулуштар буздурулуп, Ала-Арча дарыясынын жээги бошотулду
Баткенде 258 баш койду мыйзамсыз ташып бара жаткан жаран кармалды
17.05.2022 | 17:45
Баткен облусунда майда малды контрабандалык жол менен алып өтүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 26-апрелинде УКМКнын аскер кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айыл аймагындагы “Сада” тилкесинде мыйзамсыз түрдө 258 баш кой ташуу фактысы боюнча Кыргызстандын жараны Д.Н.А. кармалган.
Соода-өнөр жай палатасынын корутундусуна ылайык, кармалган майда мүйүздүү малдын (койлордун) чыгымы 2 млн 569 миң 500 сомду түздү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом