Көпүрөгө «бомба» коюлду деп жалган билдирүү тараткандар колго түштү

Көпүрөгө «бомба» коюлду деп жалган билдирүү тараткандар колго түштү

17-май күнү саат 00:15 чамасында «102» кызматтык номерине Бишкек шаарындагы көпүрөлөрдүн биринин астына жардыруучу зат (бомба) коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү келип түшкөн. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралардын натыйжасында, 1979-жылы туулган кыргыз жараны «Щ.В.В.»  экени аныкталып, мас абалында кармалган.

Материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси (Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү) боюнча АИС ЭПКга катталган.

Учурда кармалган жаранды мыйзамдарга ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул сыяктуу атайылап жалган маалыматтар укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын көп сандагы күчтөрүн жана каражаттарын башка жакка бурууга, материалдык жана башка чыгымдарга, ошондой эле айып салуу түрүндөгү жоопкерчиликке алып келерин эскертет, же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>