Баткен: Тажикстандан 2,7 млн доллар ташып келаткандар кармалды (видео)
Баткен облусунда Тажикстандан аткезчилик жол менен 2 млн 750 миң долларды Кыргызстанга ташып өтүүгө шектелип төрт жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-октябрда Кара-Бак айылында 41 жаштагы Т.А. (аткезчиликке тиешеси бар адам катары белгилүү) аттуу кыргыз жараны башкарган «Мерседес-Бенц» унаасы токтотулган. Унааны текшерүү учурунда жүк салгычынан желим баштыктарга тангакталып жана скотч менен оролгон 6 брикет табылган. Ал таңгактарда Тажикстандан мыйзамсыз жол менен ташылып келген 2 млн 750 миң доллар акча болгон.
“Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар болушу мүмкүн болгон Кыргызстандын 4 жараны кармалып, Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды”, – деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси 4-бөлүмү (Экономикалык контрабанда) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө жана ыкчам аракеттер көрүлүүдө.
[image_carousel source=”media: 160253,160254,160255,160256,160257,160258,160259,160260,160261,160262″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз