Президент кышка даярдык боюнча кеңешме өткөрдү. Эмнелер айтылды?

Президент кышка даярдык боюнча кеңешме өткөрдү. Эмнелер айтылды?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-октябрда күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдык маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Минкаб мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана Президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле тармактык мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышты.

Анда өлкөнүн 2022-2023-жылдагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдыгы, анын ичинде калкка жана мекемелерге көмүр жеткирүү жана аларды көмүр менен камсыздоо маселеси каралды.

Анда энергетика министри Таалайбек Ибраев кеңешменин катышуучуларына экономика тармактарынын жана калктын күз-кыш мезгилине даярдыгынын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Маалымат уккандан кийин Мамлекет башчысы калктын жана экономиканын тармактарынын энергоресурстарга болгон муктаждыктарын өз убагында канааттандыруу зарылдыгын белгиледи.

Садыр Жапаров жылытуу мезгилинде өлкө калкы үчүн көмүрдүн баасынын ашыкча өсүшүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Ошону менен катар, көмүрдү темир жол транспорту менен ташуу үчүн жеңилдетилген тарифти колдонуу тапшырылды.

Ошондой эле, алдыдагы жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн энергетикалык объектилерди реконструкциялоо жана куруу иштерин тыкыр көзөмөлгө алууну камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>