Экс-депутат ӨКМдин тик учагы менен тойго барды. Министр эмне дейт?

Экс-депутат ӨКМдин тик учагы менен тойго барды. Министр эмне дейт?

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагын ижарага алууга болот. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, коомчулукта «тик учак жеке максаттарда колдонулуп жатат» деген туура эмес маалыматтар тарап кеткен. Министрликтин тик учагын жеке компания же адамдар акчасын төлөп, ижарага ала алат. Анын бир сааттык ижара акысы 2,3 мин долларды түзөт.

«Мамлекеттик компаниялар жана кызматкерлери үчүн да коммерциялык каттамдарды жүргүзөбүз», — деди ал.

Эскерте кетсек, август айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы сатылып алынган Airbus H-125 тик учагы берилген.

Жакында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Азамат Арапбаев аталган учак менен Чаткалга кайын атасынын тоюна барганы айтылып, коомчулукта «жаңы алынган учак эмнеге жеке максаттарда пайдаланылып жатат?» деген суроолор жаңырган.

ӨКМге учкуч керек, айлыгы 3 миң доллар

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>