Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Баткенде коңшу өлкөнүн жараны маңзат сатууга шектелип кармалды
09.10.2023 | 16:19
Баткенде баңгизат сатууга шектелип коңшу мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери «Апийим-2023» аттуу атайын иш-чаранын алкагында Кадамжай районунун Ынтымак айылында Өзбекстан менен чек арадан алыс эмес жерде 25 жаштагы А.Ж. аттуу коңшу мамлекеттин жаранын кармаган.
Кармалган шектүүнүн жанынан 5 даана брикет салынган баштык болгон. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат “нашаа” чайыры болуп чыккан. Анын салмагы 4 кг 958 граммды түзгөн.
Аталган жаранга кылмыш иши козголуп, ал сот тарабынан камакка алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз