Баткенде Тажикстандан качууга аргасыз болгон этникалык кыргыздар жарандык ала албай келет

Баткенде Тажикстандан качууга аргасыз болгон этникалык кыргыздар жарандык ала албай келет

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Баткен облусунун тургундары менен жолугушту. Бул туурадуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Жолугушуу Баткен шаарындагы облусук администрациянын имаратында өткөн. Ага облус башчысынын орун басары, укук коргоо органдарынын облустук жана шаардык бөлүмдөрүнүн, прокуратура органдарынын жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышкан.

«Жолугушууда тургундар социалдык тейлөө алуу укуктарынын бузулушуна мамлекеттик органдар тарабынан чара көрүлбөй жатканына даттанышты. Негизинен алар жер үлүштөрүн, балдарына жөлөк пул ала албай жатышканын жана башка көйгөйлөрү тууралуу арызданышты», — деп билдирет Акыйкатчы институту.

Улгайган эне көп жылдан бери жерине “кызыл китеп” ала албай жатканын, анткени мамлекеттик органдар кайра документтештирүү үчүн жолдошунун макулдугун сурап жатканын билдирген. Бирок анын айтымында жолдошу дайынсыз жоголуп кеткен.

«Күйөөм дайынсыз жоголуп кетти. Ал кантип макулдук берет?»,- дейт ал.

Акыйкатчы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн кары эненин укуктарын сактоону камсыз кылууга чакырган. Ал эми Акыйкатчы институтунун кызматкерлери ага юридикалык кеп-кеңеш беришкен.

Мындан тышкары акыйкатчыга эмгек мигранттарынын жубайлары жана энелери кайрылышкан. Алар балдарына мамлекеттен жөлөк пул каралбаганына, жолдоштору эмгек мигранты болгондуктан ушундай болуп жатканына нааразылыктарын айтышкан.

«Жолдошторубуздун баары эле чет өлкөдө дароо  эмгекке орношо алышпайт. Көбү жумуштарын алмаштырууга мажбур болушат. Туруктуу эмгек акы ала албаган учурлар болот, мезгилдүү жумуштарда иштешет. Бирок буга карабай эмгек мигранттарынын балдарына жөлөк пул каралган эмес. Бул биздин балдардын укуктарынын бузулушу», — дейт мигранттардын жубайлары.

Мындан тышкары Тажикстандан Кыргызстанга качууга мажбур болгон этникалык кыргыздар көп убакыттан бери документтерин тапшырып, бирок Кыргызстандын жарандыгын ала албай жатканына арызданышкан. Алардын айтымында, Тажикстан расмий каналдары аркылуу алардын өздүгүн тастыктап бербей келет. Ошондой эле алар тиешелүү бардык документтери болгонуна карабай, Тажикстандагы өз үйлөрүн сата албай жатышканын айткан.

«Биздин үйлөрдү сатып албагыла деп оозеки тапшырма беришкен, алар бекер эле алгылары келишет», — дейт этникалык кыргыздар.

Акыйкатчы жалпы таанылган принциптер, эл аралык укуктарга, ошондой эле мандатына ылайык, Акыйкатчы институту этникалык кыргыздардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча бардык чараларды көрөрүн белгилеген.

Андан кийин акыйкатчы Тажикстандын Ворух анклавынан анча алыс эмес жерде жайгашкан Баткен районундагы Ак-Сай жана Капчыгай айылдарына барган.

«Аталган айылдар 2022-жылы Тажикстандын Кыргызстанга карата жасаган аскердик агрессиясы учурунда жабыркаган. Анын кесепетинен жергиликтүү тургундар каза таап, айылдын 80 пайызы жабыркаган, жарандык инфраструктуранын объектилери талкаланган, мектептин имараты күйгөн.

Аталган айылдарга барган кезде жергиликтүү бийлик органдары жабырлануучуларга бериле турган үйлөр кандай курулуп жатканын көрсөтүп беришти. Ошондой эле мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан көмөк тууралуу айтышты», — деп билдирет Акыйкатчы институту.

Ак-Сай айылында акыйкатчы мектептин мугалимдери менен жолугушкан.

Белгилүү болгондой, аталган айылдагы мектеп азырынча курулуп жатат. Балдар үч имаратта — бала бакчада, ФАПта жана Маданият үйүнүн имаратында окууга аргасыз болушууда.

«Жолугушууда мугалимдер пкыйкатчыга укуктук кеп-кеңеш сурап кайрылышты. Алардын көбү мамлекеттик ипотека алуу укуктары тууралуу кызыгышты», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>