Баткенде өзбекстандык дарыгерлер тургундарды акысыз текшерүүдөн өткөрөт

Баткенде өзбекстандык дарыгерлер тургундарды акысыз текшерүүдөн өткөрөт

Баткенде өзбекстандык дарыгерлер жергиликтүү тургундарга акысыз медициналык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 21-октябрда облуска Өзбекстандын Республикалык адистештирилген илимдер практикалык жана терапиялык, медициналык реабилитация борборунун директорунун орун басары Абдукаххор Фозилов баштаган дарыгерлер тобу келген. Алар бүгүндөн тарта эки күн облустагы үй бүлөлүк дарыгерлер борборунда тургундарды акысыз кароодон өткөрөт.

Коңшу өлкөдөн келген медицина кызматкерлеринин катарында тажрыйбалуу онколог, эндокринолог, онкогинеколог дарыгерлери бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>