Бишкектеги орус театрында Вячеслав Виттихтин «Өлүк жандар» спектакли көрсөтүлөтОшто жергиликтүү дыйкандар менен өндүрүшчүлөрдүн «Түштүк Экспо-2026» жарманкеси өтүүдө«Батыш ишеним кризисине кабылды» — ЕАЭБдин товардык-чийки зат биржасынын башчысы«Тазалык» ишканасына 22 даана атайын техника тапшырылдыБишкекте 40 таштанды сорттоочу пункт түзүлүүдөҮч өлкөнүн чек арачылары чек ара аймактарында тез арада аракеттенүү жолун табышты
Таласта автобекеттин жери мамлекетке кайтарылды
21.10.2024 | 16:58
Таластын Манас районунун Семетей (мурдагы Покровка) айыл өкмөтүндө автобекеттин 0,28 гектар жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Аталган жер “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын Таластагы бөлүмүнө таандык болгон. Бирок 2013-жылы айыл өкмөтү жерди жеке менчикке мыйзамсыз берип жиберген.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жер мамлекетке кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом