Россиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады«Кыргызкөмүр» 2025-жылы боюнча 1 млн 385 миң тонна көмүр өндүргөн
Баткенде жайлоодо жоголгон жаран изделүүдө
12.08.2022 | 14:01
Баткен облусунда Дөгмөн жайлоосунда жоголгон 30 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, 7-август күнү Орто-Боз айылынын 30 жаштагы Д. Р. С аттуу тургуну Кишемиш жайлоосуна мал айдоого кетип, кайра болжол менен саат 18:00дө ат менен Дөгмөн жайлоосу аркылуу үйүнө кайткан бойдон дайынсыз болууда.
30 жаштагы жаранды издөөгө 9 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 50 киши жана 7 милиция кызматкери тартылган.
Кийинчерээк кошумча маалымат берилет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом