КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Директорлорду тандоо: Бишкекте канча бош орун бар экени айтылды
12.08.2022 | 13:25
Бишкекте мектеп директорлук кызматына 56 бош орун бар, деп билдирет мэриясынын басма сөз кызматы.
Ошондой эле мэриянын билим берүү башкармалыгынын өткөргөн мониторингине ылайык, калаанын муниципалдык билим берүү уюмдарынын 61 жетекчиси 5 жылдан ашык иштегени аныкталган.
Мамлекеттик, муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоонун тартиби Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 14-июлундагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо жөнүндө» буйругу менен жөнгө салынат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом